Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан 18 Кыргыз жараны каза болгону айтылууда

Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыктан ондон ашык адам каза болду. Жол кырсыктын видеосу тарады.

Маалыматка караганда, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу каршы тилкеге ​​чыгып, автобус менен сүзүшкөн. Алгач каза болгон Казак жарандары экени айтылса, Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Ульяновскидеги жол кырсыктан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Казакстандын жарандары жок экенин билдирди.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен 14 адам каза болуп, үчөө ооруканага жаткырылды. Маалымат такталууда», — деп айтылат орусиялык сайттарда

Ал эми социалдык тармактарда кырсыктын күбөлөрү үрөй учурган жол кырсыктан Кыргызстандын 18 жараны каза болгонун билдирип, окуя болгон жерден видео жарыялады.

Учурда кыргызстандыктар жабыр тарткандыгы боюнча Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымат тарата элек.

Кошумча маалымат берилет.

Орусияда жол кырсыктан 18 кыргыз жараны каза болгону айтылууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан