Талас облусунун Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылында 14 жаштагы кыз дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, изделип жаткан кыздын уюлдук телефону Талас суусунун жээгинде табылган.
"Токойдо 2008-жылы туулган М.М. аттуу кыз дайынсыз болуп жаткандыгы жана уюлдук телефону Талас суусунун жээгинде табылгандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 5 куткаруучу тартылып, издөө иши убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок. 22-август күнү улантылат", - деп жазылган маалыматта.