Орусиядагы жол кырсык: Ооруканага жаткырылган Кыргыз жарандарынын абалы айтылды

Орусиянын Ульяновск облусунда катталган жол кырсыгынан соң ооруканага жаткырылган кыргызстандыктардын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын экөө эркек, бирөө аял киши.

"Үчөө тең ооруканада жатышат, учурда алардын абалы оор бойдон калууда. Керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Ал эми каза болгон 14 Кыргыз жаранынын сөөгү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, тиешелүү органдардан уруксат берилгенден кийин Кыргызстанга алынып келет", - деп айтылат билдирүүдө.

Кечээ, 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн.

Өлкө башчы Садыр Жапаров ТИМге, ӨКМга, “Манас” эл аралык аэропортуна каргашалуу жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан