"Үмүт жана Ко" ишканасынын ээси Журат Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн ири суммадагы акча сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, табылып алынган каражаттардын жалпы суммасы 822 миллион сомго барабар болгон.
- 7,35 миллион доллар;
- 209,16 миллион сом;
- 100,960 евро;
- 1 миллион рубль;
- 155 дирхам.
Мындан сырткары, Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн ар кандай калибрдеги ок-дарылар жана салмагы 2,03 граммды түзгөн баңгизаты табылган.
"Аталган ишкананын салык органдарына 10 миллион сомдон ашык карызы бар болгон. Учурда ишкананын өндүрүшү штаттык режимде иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте ок атуучу куралдарды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн “Үмүт жана Ко” ишканасына тең ээлик кылган жаран шектелип кармалганы маалымдалган.