Бишкекте курал-жарактарды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактаган ишкер кармалды

Бишкекте курал-жарактарды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактаган ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ок атуучу куралдарды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн “Үмүт жана Ко” ишканасына тең ээлик кылган 1970-жылы туулган А.Ж.Т. аттуу жаран кармалган.

Кармалган жарандын иштеген жана жашаган жери боюнча жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө 7,62 калибриндеги 1 даана “Калашников” автоматы менен "БРДМ 2" (брондолгон чалгындоо жана патрулдук унаа) атайын техникасы, ошондой эле жүгүртүүгө тыюу салынган көп сандагы ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана жардыргыч түзүлүштөр (Ф-1 гранатасы), жылмакай (мылтык) жана ар кандай калибрдеги травматикалык куралдар табылган.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кылмышка шектүү катары кармалган жарандардын үстүнөн тергөө жана тиешелүү экспертизаларды дайындоо ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан