Кудайберген Базарбаев: "Акыркы учурда аялзатына карата зомбулук көп катталып жатат"

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан "Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги" форумунун жүрүшүндө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев аялзатындагы эң мыкты сапаттарын санап өттү.

"Аялзатындагы эң мыкты 3 сапатка токтолуп өткүм келет. Сабырдуулук, күйүмдүүлүк, акылдуулук. Жогоруда айтылган 3 сапат биригип, жуурулушканда гана чыныгы лидерлер чыгат деп ойлойм. Кыргыз айымдары дагы лидерликтен кем калышкан жок. Сөзүм куру болбошу үчүн мисал келтире кетейин. 90-жылдын башында союз тарап, Кыргызстанда экономикалык жактан кыйын кырдаал түзүлгөндө айымдар ошол кырдаалдан чыгып кетүүгө чоң салым кошушту", - деп билдирди министр.

Ошондой эле ал акыркы убакта аялзатына карата зордук-зомбулук көп катталып жатканын белгиледи.

"Тилекке каршы, акыркы учурда аялзатына карата зордук-зомбулук көп катталып жатат. Чынында заманбап кылымда жашап жатып, аялзатына зордук-зомбулук көрсөтүү жапайычылыктын жеткен чеги. Зомбулукту түп тамырынан бери жок кылуу үчүн ар бирибиз салымыбызды кошуубуз зарыл", - деди министр.

Ошондой эле министр быйылкы форум Батыш Салиеванын 100 жылдыгына дал келгенин белгилеп, коомдук ишмердин эмгектерине токтоло өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө коомдук-саясий ишмер Батыш Салиева тууралуу документалдуу тасма көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, форумга келген конокторго Батыш Салиеванын сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Анда коомдук ишмердин жасаган эмгектери, сүрөттөрү, алган сыйлыктары көрсөтүлдү.

Маалымат үчүн:

Бүгүнкү күндө республикада Батыш Салиеванын аракетинин аркасында Кыргызстанда интернат мекемелеринин системасы түзүлгөндүгү эскерилет. Социалдык камсыздоо министри болуп иштеген мезгилде (жалпысынан 25 жыл) ал тарабынан жети кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак-үйлөр курулуп, 6 үй реконструкцияланып, кеңейтилген.

Анын жетекчилиги астында Нижня Серафимовка айылында 500 орундуу көмөкчү чарбасы жана жемиш бакчасы бар карылар жана майыптар үчүн үй-интернат ачылды. Ал Талас облусунда улгайган адамдар үчүн интернат, Токмоктогу, Жайыл аялдар жана Беловодск балдар интернаттарын ачкан.

Ошондой эле анын аракети менен Кыргызстанда Борбордук Азияда протездик-ортопедиялык буюмдарды жасоо боюнча биринчи мекеме ачылган. Ал эми адистерди ал Союздун бардык аймактарынан жеке өзү чогулткан.

Ал СССРдин Жогорку Кеңешинин улуттар кеңешинин саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо боюнча комиссиясынын төрагасы болуп иштеп, Борбордук Азиядан ушул даражага жеткен жалгыз аял болуп калды.

Батыш Салиева эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордендери, СССРдин көптөгөн медалдары, Ардак грамоталары менен сыйланган.

Форумга министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов, экс-президент Роза Отунбаева, БУУнун Кыргыз Республикасындагы системасынын туруктуу өкүлү Антье Граве жана коомдук ишмерлер, активисттер катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан