Орусиядагы 16 адамдын өмүрүн алган каргашалуу жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Орусиядагы 16 адамдын өмүрүн алган каргашалуу жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин Ульяновск облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти.

“Ульяновск облусунун Николаев району боюнча тергөө тобу Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесине ылайык (жолдо жүрүү жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу) кылмыш ишин козгоду”, - деп жазылат анда.

Кечээ, 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн.

Өлкө башчы Садыр Жапаров ТИМге, ӨКМге, “Манас” эл аралык аэропортуна каргашалуу жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырган.

Эртең, 23-август Кыргызстанда жалпы аза күтүү күнү деп жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан