Казакстанда дизель майынын баасы чет элдиктер үчүн көтөрүлдү

Казакстанда 22-августтан тарта чет элдиктерге дизель майы кымбатыраак сатылат. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлигинин чыгарган буйругунда айтылат.

Маалыматка ылайык, Казакстандын башка өлкөлөр менен чектешкен облустарында дизелдик май башка аймактарга караганда кымбат баада сатылат. Ал эми калган облустарда мурдагы баа сакталат.

Буйрукка ылайык, казакстандын айдоочулук күбөлүгү бар жарандар дизелдин литрин аймактарга жараша 230–260 теңгеден (39-44 сом) сатып ала алышат. Ал эми чет элдиктерге бир литри 450 теңгеден (76 сом) сатылат.

Ошондой эле дизель майын сатууга да чек коюлду. Казакстандык жеңил унаа ээлери суткасына 100 литрге чейин, жүк ташуучу унаасы барлар 300 литрге чейин сатып алышса болот. Көрсөтүлгөн чектен ашыкча алам деген жергиликтүүлөр дагы чет элдиктер сыяктуу жогору баа менен төлөшү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан