Орусиядагы каргашалуу жол кырсыгынан каза болгондордун кайсы аймактардан экени белгилүү болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.
"Кырсыктан каза болгондордун сөөгүн "Ош" аэропортунан тосуп алып, айылдарына чейин жеткирип беребиз. Баткен облусунан 5, Жалал-Абаддан 5, Ош облусунан 4 адам каза болду" ,- деди Ажикеев.
Кечээ, 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн.
Өлкө башчы Садыр Жапаров ТИМге, ӨКМге, “Манас” эл аралык аэропортуна каргашалуу жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырган.
Маркумдардын сөөгү эртең, 23-августта алынып келери белгилүү болду.