5 жаштагы Өмүрбектин операциясына 2 миллион сом керек болууда. Анын жакындары элден жардам сурайт

Баткен облусуна караштуу Төрт-Күл айыл аймагындагы Чоң-Талаа айылынын тургуну 5 жаштагы Өмүрбек Рахимжанов жакынкы арада операция жасатууга муктаж. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын апасы Зиядахан Алимова уулунун дарылануусуна каражат жетпей жатканын айтып, кайрымдуу элден жардам сурады.

Анын айтымында, Өмүрбекке сколиоз (омуртка сөөгүнүн кыйшайып калышы) диагнозу коюлган.

"5 жылдан бери бул оору менен алышып келебиз. Операцияны Түркияда жасатуу керек экен. Май айында документтерди жөнөткөнбүз, операция жасатууга 2 миллион сом керек деген жооп келди. Ошол күндөн азыркы тапка чейин 1 миллион сом чогулду, эми дагы 1 миллион жетпей жатат.

Учурда Баткенде турабыз, уулум бала бакчага барат. Ар ай сайын невропатологго барабыз, Баткенде реабилитация жок болгондуктан Бишкекке, кээде Ошко барып турабыз. Ошентип жүрүп баламды бастырып алдым, ошого деле сүйүнүп жатам, баспагандар канча. Жолдошум Москвада курулуш тармагында иштейт. Мамлекеттен жөлөк пул алабыз. Бирок тапканыбыз дары-дармекке, керектөөлөргө эле кетип калат", - деп билдирди Алимова.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Оптима Банк: 4169585359463543;

РСК Банк: 1290417900000085 Зиядахан Алимова;

Байланыш номери: 0708 333 985.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан