Бүгүн, 23-августта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республикалык педагогикалык кеңешмесине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта жазылгандай, кеңешмеде өкмөт башчы балдарга карата зордук-зомбулук фактылары көбөйүп жатканын айтты.
"Буга байланыштуу айрым мыйзам актыларына, анын ичинде Кылмыш-жаза кодексине жана "Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди.
Эми балага каршы кылмыш жасаган бир дагы кылмышкер жазадан качып кутула албайт, эскирүү мөөнөтү өткөнүнө карабастан, психикалык жактан ооруса дагы, шарттуу түрдө эркиндикке чыга албайт, мунапыс ала албайт. Баарыбыз, жалпы коомчулук, ата-энелер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер, дарыгерлер жана психологдор, милиция кызматкерлери, судьялар, жактоочулар, укук коргоочулар үчүн эң негизгиси – дароо коңгуроо кагып, зордук-зомбулуктун бир дагы фактысын көз жаздымда калтырбастан, дароо жооп кайтарып, мындай учурларды түп-тамыры менен аёосуз жок кылууга жана болтурбоого аракет кылуу керек", - деди Акылбек Жапаров.
Эске салсак, 11-августта президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон.