Украинадагы элчи Кыргыз жарандарын өлкөдөн убактылуу чыгып кетүүгө чакырды

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги аталган өлкөдөгү акыркы кырдаалга байланыштуу мекендештерге коопсуздук боюнча бардык чараларды көрүүнү сунуштайт. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
"Урматтуу мекендештер, көңүл буруңуздар. Украина бийлигинин сунуштарына байланыштуу коопсуздук коркунучунан улам Киев шаарынын борборуна, эл көп чогулган жерлерге баруудан, ошондой эле Украинанын башка аскердик жана административдик мекемелеринин жанында болбооңуздарды суранабыз.
Украинанын аймагына келүүнү пландап жаткан мекендештерге сапарын убактылуу токтотуп турууга, ал эми Украина аймагындагы тургундарды кырдаал толук турукташканга чейин өлкөдөн убактылуу чыгып кетүүгө чакырам", - деп жазган элчи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан