Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине жаңы ректор дайындалды

Төлөбек Абдырахманов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Төлөбек Абдырахманов Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору болгон.

Ал эми Кыргыз улуттук университетинин ректору кызматын Канат Садыков ээлеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан