Орусиядагы жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү Ошко алып келинди (сүрөт)

Бүгүн, 23-августта "Ош" аэропортуна Орусиядагы жол кырсыгында каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгү алып келинди.

Атайын бортту өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, президенттин Ош, Баткен, Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тосуп алышты.

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза болгон жарандардын толукталган тизмесин жарыялаган.

Белгилесек, Ульяновск шаарына өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, президенттик администрациянын, президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев, Орусиядагы Кыргызстандын консулу Манас Жолдошбеков жана элчиликтин өкүлү Доорбек Абдразаков барган. Алар жеринде Орусиянын ӨКМнын Ульяновск облустук башкармалыгынын башчысы менен жолугушкан.

Маалымат үчүн: 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн.

Өлкө башчы Садыр Жапаров ТИМге, ӨКМга, “Манас” эл аралык аэропортуна каргашалуу жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырган. Бүгүн, 23-август Кыргызстанда жалпы аза күтүү күнү деп жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан