Акыркы 12 жылда Кыргызстандагы жардылыктын деңгээли 2 эсеге кыскарган

2000-жылдан 2012-жылга чейинки Кыргызстандагы жардылыктын деңгээли 2 эсеге кыскарган. Улуттук статистикалык комитеттин берген маалыматына ылайык, 2000-жылы республика боюнча жардылыктын деңгээли 62,6 пайызды түзсө, 2012-жылы аталган көрсөткүч 38 пайызды көрсөткөн. 

Жардылыктын деңгээли боюнча Ош облусу алдынкы орунда турат. Өткөн жылы көрсөткүч 51,4 пайызды түзгөн. Ал эми Чүй облусунда эң аз көрсөткүч байкалып, ал 16,6 пайызга барабар болгон.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан