Билдирүүгө таянсак, инспекция жарандардын, чарбалык субъекттердин жана жеке ишканалардын санитардык нормаларды сактоосуна өзгөчө көзөмөл жүргүзүүдө.
"Тазалык жана тартипти сактабагандыгы үчүн Чимкентская 37/1 дарегиндеги «Йыса чиркөөсү» жана Саратов көчөсү 10 дарегиндеги Чүй облустук ооруканасы “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Ушул эле берене боюнча мыйзам бузуу фактылары «Ала-Таш» ЖЧКсы, «Дениз» ЖАКы, «Шерой» ЖЧКсы, «Делмар Групп» ЖЧКсы, «Ассорти» жана «Инжир» кафелери тарабынан да катталган.
Ал эми «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы 179-берененин 1-бөлүмү менен мыйзамсыз түрдө жарнамалык түзүлүштөрдү орноткон. Бир жуманын ичинде жалпы суммасы 307 миң сомду түзгөн 37 мыйзам бузуу катталган", - деп жазылат маалыматта.
Муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан ар бир адам күн сайын өз аймагынын айланасында тазалыкты камсыздоосу керектигин эскертет.