Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына 5 жаштагы бала түшүп кетип көз жумду. Маалыматты ӨКМдан билдиришти.
Басма сөз кызматы билдиргендей, Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Сай айылындагы Тар дарыясына 2017-жылы туулган Т.Э. аттуу бала түшүп кеткен.
Жерине 8 куткаруучу тартылып, натыйжасында куткаруучулар тарабынан сөөгү табылып туугандарына өткөрүлүп берилген.