Сергей Бардаков Орус драма театрынын директору болуп дайындалды

Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик Улуттук орус драма театрынын директору болуп Сергей Бардаков дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов кол койгон.

Эске салсак, буга чейин аталган драма театрынын директору кызматына сынак жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан