Корея Кыргызстандагы текстиль жана тигүү ишканаларына жардам көрсөтөт

Кыргызстандын текстиль жана тигүү ишканаларына өндүрүш технологиясын өркүндөтүү үчүн TASK долбоору ишке киргизилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, мындай аракет мындан аркы кызматташуу үчүн кореялык жана кыргыз компанияларынын тармагын түзүү максатында ишке ашырылууда.
"Өлкөдө санариптик өнөр жайды өнүктүрүүнүн аркасында баалуу продукцияны чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, технологдордун, менеджерлердин жана тигүүчүлөрдүн квалификациясы жогорулайт, бул өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшүн жана жаңы жумушчу орундардын түзүлүшүн камсыз кылат", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан