Кыргызстанда жашы жете элек кыздардын төрөтү көп катталууда

Кыргызстанда жашы жете элек кыздардын төрөтү көп катталууда. Бул тууралуу 4-декабрда Улуттук статистика комитетинин башкы эксперти Гүлкумар Абдуллаева гендердик статистика боюнча өткөн тегерек үстөлдө билдирди. 
2012-жылы 15-17 жаштагы 1000 кыздын ичинен 8 төрөт туш келсе, ал эми 2011-жылы 1000 кызга 9 төрөт туш келген. "Бул көрсөткүч биздин балдардын моралдык тарбиясынын төмөндүгүн көрсөтүп жатат. Мындай жыйынтык өспүрүмдөрдүн жыныстык жактан маалыматы жоктугунан деп билсек болот. Бүгүнкү күндө көпчүлүк ата-энелер акча табуу менен алек болуп, балдар өз алдынча тарбияланып жатат. Эрте баш кошуу, эрте төрөт кыздын ден соолугуна чоң коркунуч алып келет",- деди ал. 
Мындан сырткары акыркы учурда Кыргызстанда эркектер арасында тукумсуздук көбөйгөндүгүн кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан