Бүгүн, 24-августта президент Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, чогулгандардын алдында сүйлөп жатып мамлекет башчысы улуттук коопсуздук органдары тартипти орнотууда, мамлекетте коопсуздукту жана жарандардын бейпил жашоосун камсыздоодо чоң роль ойноорун белгиледи.
“Сиздер террорчулукка, экстремизмге каршы күрөшүүдө жана өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактоодо алдынкы катарда болуп келесиздер. Сиздерге коомдогу туруктуулук менен укуктук тартипти бекемдөө, коррупция, кылмыштуулук менен күрөшүү жоопкерчилиги да жүктөлгөн. Бул жаӊы мамилени, заманбап билимди жана чын ыкластан берилүүнү талап кылган ары татаал милдеттер”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.
Президент азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтары, дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр чекисттерден өтө чоң жоопкерчиликти жана кесипкөйлүктү талап кыларын өзгөчө белгиледи.
“Мындай шартта өлкө коопсуздугун камсыздоодо атайын кызматтын кызматкерлерине өзгөчө суроо-талап коюлат, ишеним артылат! Аскер кызматкерлеринин социалдык маселелерин учурунда чечүү алардын жана жаш муундардын ата мекенди коргоого болгон умтулуусун арттырат”, - деди президент.
Ошондой эле мамлекет башчысы мугалимдер менен медиктерди жеңилдетилген шарттагы турак жай менен камсыздоо боюнча пландары тууралуу айтып берди.
“Коомчулукта ар кандай сөздөр бар. “Эмне үчүн ушул чекисттерге эле бере берет? Батир дагы, кызматтык имарат дагы. Мугалимдерге, дарыгерлерге бербейби?” деген сөздөр. Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип жатабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз. Ушуну эсиңиздерге алып коюшуңуздар керек”, - деди Жапаров.
Ал мамлекет мындан ары да мугалимдерди жана медицина кызматкерлерин жеңилдетилген турак жай менен камсыздоого дыкат көңүл бурарын белгилеп, жакшыртылган ипотекалык программа бир жылга жакын убакыттан бери иштеп жатканын, анын алкагында тиешелүү мүмкүнчүлүк бар экенин эске салды.
Белгилей кетсек, бул турак жай 306 үй-бүлөгө эсептелген. Бир эле учурда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн бул сыяктуу көп кабаттуу үй биринчи жолу пайдаланууга берилди. Ал болгону 1 жарым жылдын ичинде курулган. Бир чарчы метринин баасы 300 долларды түзгөн.