Эсептөө палатасынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратура "Кумтөр" ишканасын текшере баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов билдирди.
"Текшерүү иштери кечээ, 23-августта башталды. Кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси текшерүүнүн жыйынтыгына жараша болот", - деди Камолидинов.
Белгилесек, "Кумтөр" толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу ушул жылдын май айында Эсептөө палатасы тарабынан тийиштүү текшерүү жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатып алынгандыгы аныкталган.