Бүгүн, 5-декабрда ЖКнын жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков “Манас” үчилтигинин ЮНЕСКОнун тизмесине катталышы менен депутаттарды куттуктады. “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун ЮНЕСКОнун тизмесине каттатууга кесиптешибиз Карганбек Самаков ат көтөргүс эмгек жасады”,- деди төрага.
Эскерте кетсек, 4-декабрда Бакуда "Манас" үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча тизмесине Кыргызстандын атынан катталды.