Орус-Казак чек арасында жык-жыйма эл. Тышкы иштер министрлиги реакция жасады

23-августта Орусия менен Казакстандын чек арасындагы "Озинки" өткөрүү пункту аркылуу жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйгөндүгү тууралуу маалыматка байланыштуу элчиликтин кызматкерлери Саратов облусуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 23-24-август күндөрү дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери "Озинки" өткөрүү пунктунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жүрүшүндө өткөн дем алыш күндөрүндө унаалардын топтолушу боюнча Москвадан багыт алган жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшү эс алуу күндөрүндө адаттагыдай эле көрүнүш экендиги тууралуу маалымат алынган.

"Учурда "Озинки" өткөрүү пунктунда чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде Кыргыз жарандарынын топтолушу жок. Бул пункт аркылуу унаалар эркин режимде өтүүдө", - деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.

Белгилей кетсек, "Озинки" өткөрмө пунктунун өкүлдөрү “Маштаково” өткөрмө пунктундагы кесиптештеринен маалымат алып, алар да Орусия-Казакстан мамлекеттик чек арасында жарандардын топтолушуна байланыштуу өзгөчө кырдаал болбогонун билдиришкен.

Бул маселе министрликтин көзөмөлүндө турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан