Бишкек шаарында 16 жаштагы Айсулуу Каныбек кызы дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 23-август күнү саат 20:00 чамасында "Баткен" базарынын жанындагы кафеден чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Учурда дайынсыз жоголгон жашы жете элек кыздын кайда экени белгисиз.
Белгилери: Бою болжол менен 155-160 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы узун, кара.
Кийген кийими: Узун жеңдүү кара свитер, кара шым, бутунда боз спорттук бут кийим.
Ленин райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыз жөнүндө маалыматы барларды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт:
0 (312) 352-605, 0 (312) 444-457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102 - 880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (500) 032-000, 0 (755) 579-580 жана 102.