Өзгөчө кырдаалдар министри Орусиядагы 16 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы эмне себептен болгонун айтты

Орусиядагы 16 адамдын өмүрүн алган каргашалуу жол кырсыгынын себеби айтылды. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жол кырсыктан каза болгондордун сөөгүн жакындарына берип жаткан учурда мекендештерибиз бараткан кичи автобусту сүзгөн жүк ташуучу айдоочу кырсык болгонго чейин эле көз жумганын айтты.

Кырсык боюнча Орусиянын тиешелүү органдарынын тергөө иштеринин жыйынтыгына ылайык, кырсыкка себепкер болгон жүк ташуучу унаанын айдочусунун денесин текшерүү кылганда, ал кырсык катталганга чейин эле көз жумганы аныкталды”, - деди министр.

21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн.

Маркумдардын сөөгү 23-августта өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Ульяновскиден алынып келинип, 14 жарандын сөөгү ӨКМ жана жергиликтүү бийлик тарабынан кичи мекенине жеткирилип, маркумдар жерге берилди.

Видео: ӨКМдин басма сөз кызматы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан