Окуучулар күзгү каникулга качан чыгары белгилүү болду

Билим берүү жанан илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарында 2022-2023-окуу жылынын базистик окуу планын бекитти. Ага ылайык, сабактар 1-сентябрда башталып, 25-майда аяктайт.

Сабактын узактыгы 1-класстарга - 40 мүнөт, 2-11-класстар үчүн - 45 мүнөттү түзөт.

1-2-класстарда окуучулардын ийгилигин баалоо белги койбостон сапаттык жана сыпаттоо ыкмалары колдонулат.

Бардык предметтер боюнча үй тапшырмалардын көлөмү аны аткарууга 2-3-класстарда - 1,5 саат, 4-5-класстарда - 2 саат, 6-8-класстарда – 2,5 саат, 9-11-класстарда – 3,5 саатка чейин болушу керек.

Каникулдардын графиги:

күзгү – 2022-жылдын 31-октябрынан 6-ноябрга чейин;

кышкы - 2022-жылдын 30-декабрынан 2023-жылдын 10-январына чейин;

жазгы - 2023-жылдын 20-29-март.

Биринчи класстардын окуучулары үчүн каникул күндөрү III чейректе кошумча бир жумага узартылат.

Министрлик окуу процесси жүрүп жаткан кезде окуучуларды айыл-чарба иштерине тартууга тыюу салынарын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан