Таласта жашы жете элек кыз кош бойлуу экени аныкталды

Талас облусунда 17 жаштагы кыз кош бойлуу экени аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Билдирүүдө жазылгандай, 28-июнь күнү Талас РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Талас районунун Манас айылынын 2005-жылы туулган Ж.Ю. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал ушул эле айылдын тургуну 2003-жылы туулган С.Ш. аттуу баладан кош бойлуу болуп калгандыгын билдирген.

Аталган факты Талас РИИБинин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Анын жүрүшүндө 24 жумалык кош бойлуу экендиги аныкталган.

Учурда дайындалган соттук-психиатриялык экспертизасынын корутундусу дайындалды. Кылмыш жаза кодексинин 154-беренеси "зордуктоо" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан