Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдында мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди колдоо митинги өтүп жатат.
Митингге чыккандар президент Садыр Жапаровдон Бейшеналиевди саламаттыкты сактоо министри кызматына коюп беришин суранышты.
"Эл менен иштейм, реформа жасайм деген кызматкерлерди кызматка коюп бериңиз. Биздин талабыбыз ушул. Бейшеналиев реформасын аягына чыгарсын", - деди митингге катышкандардын бири.
Алар "Алымкадыр Бейшеналиевдин ордуна келишин каалайбыз", "Бейшеналиевди колдойбуз" деген жазуучулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышкан.