Бүгүн, 25-август күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө.
Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартибинде интеграциялык бирикме үчүн жалпы газ рыногун түзүү, өнөр жай кооперациясын каржылоо, алкоголдук рынокту жөнгө салуу, Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү маселелери каралат.
Мындан тышкары форумдун алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар уюштурулат.
Кошумчалай кетсек, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын утурлай КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын биринчи форуму өтүүдө.
ЕАЭБ жана КМШга мүчө-өлкөлөрдүн жаш активисттеринин, мамлекеттик кызматчыларынын жана жаш дипломаттарынын башын бириктирген форум Биримдиктин жана КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын өз ара аракеттенүү процесстерин кеңейтүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана өсүп келе жаткан муундун социалдык жана профессионалдык жактан ар тараптуу жетилүүсүнө багытталган.