Өлкөгө Азербайжандын премьер-министри Али Асадов келди

Азербайжан Республикасынын премьер-министри Али Асадов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Али Асадовду "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Эске салсак, 25-26-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан