Парламенттин 5-декабрдагы жыйынында депутаттар Ахматбек Келдибеков боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунушташты. Депутат Абдимуталип Кочкорбаев камакка алынган Келдибеков тууралуу ММКларда бир тараптуу маалыматтар берилип, коомчулукка бир жактуу гана маалымат тарап жатат деген оюн айтты. “Калыстык үчүн депутаттык комиссия түзүп, кесиптешибиздин да пикирин угуп, иликтеп коёлу”,- деди ал.
Төрага Асылбек Жээнбеков бул маселе кеңешүү жолу менен чечиле турганын айтты.