Лондондо тигүүчү болуп иштеген Айнагүл: "Англияга алгач алма фермасына иштегени келгем"

SUPER.KG порталы чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештердин бейнеси менен тааныштырууну улантат. Бул жолу Англиянын Лондон шаарында тигүүчү болуп иштеп жаткан Айнагүл Сабырова тууралуу сөз кылабыз.

Айнагүл айым үй-бүлөлүү, 3 кыздын мээримдүү апасы. Ош шаарынын Кара-Суу районунун Тынчтык айылында жарык дүйнөгө келген. Ал жолдошу менен бирге Орусияда эмгектенип жүрүп, Англияга барышкан. Учурда Лондон шаарындагы студиялардын биринде тикмечи болуп иштеп жаткан кези. Ал Англияга Agri-hr программасы менен барганын айтат.

"Үй-бүлөлүүмүн, жолдошум экөөбүздүн 3 кызыбыз бар. Азыркы учурда Англияда студиялардын биринде иштейм. Бул жакка жолдошум менен бирге Agri-hr программасы (Улуу Британиянын программасы) менен келгенбиз. Орусияда 13 жыл иштедик. Ал жакта жүрүп жогоруда айтып өткөн программага анкета толтуруп, андан соң онлайн баарлашуудан өттүк. Кийин Екатеринбурга офлайн баарлашууга барып, фирманын директору менен жолуктук, шарттарын айтып берди.

Визаны Бишкектен алдык. Себеби Орусияда апрель айында виза келбей жаткан болчу. Виза 3 жумадан көп убакытта колубузга тийди. Ошентип Англияга иштегени фермага келдик. Ал жакта шарттары жакшы болчу. Биз барган алма фермасы эле.

2 ай фермада иштедик

Үй-бүлөлүү болгонубуз үчүн жолдошум экөөбүзгө 1 караван (бир бөлмөлүү жатакана) берди. Ал үчүн 1 жумага 60 фунт (5699 сомдун тегереги) төлөйбүз. Анан кир жуучу машинага бир жолу кир жууганыбызга 1 фунт (94 сомдун айланасы) төлөйбүз. Газ, суу, электр жарыгы акысыз болчу. Бирок айлык келишимде айтылгандай болбой калды.

Биз быйыл июнь айында келдик, фермада жумуштар аз экен. Суткасына 5-6 сааттан эле иштеп жаттык. Ишемби, жекшемби күндөрү эс алабыз. Жума күнү кыска жумуш графиги болот. Ал күндөрү дүкөнгө азык-түлүк алганы барабыз. Бир жумада бир жолу дүкөнгө барып келебиз.

Фермада супервайзерлер (бригадир) кысым көрсөткөндөрү дагы бар. Мисалы, жумуштар аз болсо өзүлөрү каалаган адамдарды алып калып, бир шылтоо таап биздикилерди эс ал деп караванга жиберип ийген учурлар болот. Жакшы фермада жакшы иштегендер да бар. Фермадан жумушу бүткөндө кете бергиле деп кетиргендер да бар. Эми ар кандай.

Ошентип биринчи айлыгыбыз 1000 фунт (95 миң сом) чыкты. 2 ай иштеп ал фермадан кетип, Лондонго келдик. Кураторубузга ал фермада келишимде айткандай болбой жатат, кетебиз деп жаздым. Анан ал жактан кетип калдык".

Англияга алма фермасында жумуш ойдогудай, тагыраагы келишимде көрсөтүлгөндөй чыкпаганы үчүн Айнагүл Сабырова башка жумуш издөөгө туура келген.

"Лондондо жумуш табуу мага кыйын деле болгон жок. Болгону биздин виза (сезондук жумуш үчүн) менен көп жумушка албайт экен. Биздин виза менен тек гана фермада иштегени болот. Бирок ошого карабай жумушка алган деле ишканалар бар болуп чыкты. Мен биринчи 5 жылдыздуу мейманканада кенже тейлөөчү кызматта иштедим. Андан соң студияга тигүүчү болуп кирип алдым. Анткени студияга белгилүү дизайнерлер ар кандай кийимдерди буйрутма берет экен. Бул жактан иштеп тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк көп экенин түшүнүп ушул жумушту тандадым.

Жумуш жеңил эмес

Мен тил үйрөнбөй эле келдим. Мектепте немис тилин окугам. Бул жактан бир аз сүйлөп аракет кылып жатам. Англияга келүүнү пландап жаткандарга айтар элем, ар кандай улут менен жашап, иштешет, жумуш жеңил эмес. Интернеттен жашоо-шартын, жумуштарын көрүп, таанышып, өзүн даярдап келишсе дейм. Англияга келип иштесе болот. Бирок иштей турган фермаңыз жөнүндө сөзсүз маалымат алыңыз.

Ар кандай фермалар бар. Кээ бири жакшы төлөсө, айрымдары аз төлөйт же жашоо-шарты жакшы эмес. Аябай эски каравандар да бар. Бир аз суук түшсө такыр жылыбагандары дагы четтен чыгат.

Сизди жиберип жаткан өлкөдөгү фирмадан сезон бүтүп калса эмне кылабыз деп сураңыз. Бул жактагы ферма жумушу бүткөндө кете бер дейт. Визаң качан бүтөрү аларды кызыктырбайт. Ал жактан алар эч нерсе кыла албайбыз деп коюшу мүмкүн.

Көпчүлүгү шаарга келип батир, жумуш таппай сейил бак, бекеттерде түнөгөндөр да бар.

Айлыгым убагында берилүүдө. Келгенибизге 2 жарым ай болуп калды. Кудайга шүгүр, визамдын убактысы бүткөнчө иштеп, мекениме кайтам жүрөм", - деди ал.

Айнагүл айым Англиядан адал тамак-аштардын баарын тапса болорун, ал жактагы мекендештер, дос-тааныштар менен жолукпаса дагы байланышып турарын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан