Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында биринчи жолу КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн "Келечек" жаштар форуму өтүүдө.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов форум тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
"Мындай иш-чара тарыхта биринчи жолу уюштурулуп жатат. Анда Кыргызстан төрагалык кылууда. Жалаң гана экономикалык маселелер талкууланбасын, жаштар биздин келечек деп президент Садыр Жапаров өзү демилгелеген.
Бүгүн төрт багыт - жаш мамлекеттик кызматкерлер, жаш ишкерлер, креативдүү экономиканын жаш өкүлдөрү жана билим-коомдук долбоорлорду алып жүргөн жаштар боюнча талкуу жүрүүдө. Эртең жумушчу мамлекеттердин премьер-министрлеринин орун басарлары менен форумда айтылган идеяларды кантип мамлекеттик деңгээлде иш жүзүнө ашыраарыбызды талкуулайбыз", - деди Жаманкулов.