Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннелдин ичинде эки унаа бузулуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек - Ош унаа жолунун 129-чакырымында “Кусейин Көлбаев” атындагы тоннелдин ичинде Chevrolet Lacetti үлгүсүндөгү жана Volkswagen Vento үлгүсүндөгү 2 унаа бузулуп туруп калган.
Жерине нөөмөттө турган министрликтин куткаруучулары тартылып, унааларды чыгарып беришкен. Жабыркагандар жок.