Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, отурумга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты.

Жыйынды ачып жатып министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кеңештин жайкы отурумун өткөрүү салтка айланган Ысык-Көл жээгиндеги Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын бардык мүчөлөрүнө жылуу салам жолдоду.

Ал жыйындын күн тартиби абдан мазмундуу экендигин белгилеп, жолугушуунун бардык катышуучуларына жемиштүү жана конструктивдүү иш каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан