Бишкек шаарында дайынсыз болуп изделип жаткан 16 жаштагы Айсулуу Каныбек кызы табылды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн маалымдашты.
Маалым болгондой, ал 25-августта саат 21:00 чамасында үйүнө аман-эсен кайтып келген.
Белгилесек, Айсулуу Каныбек кызы 23-август күнү саат 20:00 чамасында "Баткен" базарынын жанындагы кафеден чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, изделип жатканы айтылган.
Учурда милиция кызматы иштин бардык жагдайларын иликтеп жатканын билдиришти.