Жалал-Абад шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата коомдук транспортторго лозунгдар илинди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан кабарлашты.
Ага ылайык, лозунгдар шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин демилгеси менен даярдалып, шаар ичинде каттам жүргүзгөн 80 кичи автобуска илинди.
Максаты - жарандарды мекенчилдикке чакыруу, мекенге болгон сезимди ойготуу, эгемендүүлүктү даңазалоо.