Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта жазылгандай, Ариповду «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.