Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Министрлер кабинетинен белгилешкендей, жолугушуу Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында өттү.
Жапаровдун айтымында, эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштардын туруктуу өнүгүүсү байкалууда. Биринчи жарым жылдыкта Орусия менен өз ара соода жүгүртүү 39 пайызга өсүп, 1 миллиард 426 миллион 500 миң долларын түздү. Ал эми Кыргызстандан Орусияга экспорт дээрлик эки эсе өскөн.
«Биринчи жолу Орусиянын шаарларынан Ысык-Көл облусуна (Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» аэропорту) жумасына 14 түз каттам аткарылууда. Бир тууган элибиз эс алуу үчүн биздин республиканы тандап алуусу бизди абдан кубандырат. Тараптар Кыргызстан аймагында тогуз билим берүү мекемесин куруу боюнча келишимдерди ишке ашырууну баштаганына кубанычтамын», - деди ал.
Ошондой эле ал Орусияда эмгектенип жаткан мекендештердин укуктук абалы тууралуу маселени көтөрдү.
Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин өз кезегинде учурдагы бардык багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
«Биздин жалпы максат – соода-экономикалык чөйрөдө узак мөөнөттүү стратегиялык милдеттерди чечүү үчүн шарттарды түзүү, жагымдуу инвестициялык жана ишкер климатты камсыз кылуу. Бул маселелерди эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссия чечет. 2022-2026-жылдарга экономикалык кызматташтыктын жаңы программасына кол коюуну тездетүү зарыл, ал кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө, соода жүгүртүүнү, өз ара инвестициянын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет», - деди ал.
Мындан тышкары ал орусиялык тарап автомобиль куруу айыл чарбасында жана транспорттук инфраструктура чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуштап жатканын кошумчалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.