Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасады.
"Евразиялык экономикалык комиссиянын алгылыктуу ишин белгилеп кетким келет. Жыйындын жүрүшүндө Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору каралып, талкууланды.
Тараптар төмөнкү маалыматтарды угушту:
- Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай кооперациясын каржылоо жөнүндө;
- Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору үстүндө иш алып баруу жөнүндө;
- Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорунун тизмеси жөнүндө.
Өкмөт башчылары тиешелүү буйруктарга жана чечимдерге кол коюшту. Мындан тышкары, евразиялык интеграциянын алкагында өз ара аракеттешүүнүн башка актуалдуу маселелери боюнча мазмундуу пикир алмашуу жүрдү.
Бүгүнкү кеңешменин жыйынтыгы евразиялык интеграциянын бардык катышуучуларына пайда алып келет жана биздин өлкөлөрдүн жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт деп ишенем", - деди Жапаров.
Учурда Чолпон-Ата шаарындагы өкмөт башчыларынын кеңири форматтагы жыйынынын жыйынтыгы боюнча документтерге кол коюлуп бүттү.