Борбор калаада белгисиз адамдар роза көчөттөрүн сындырып кетишти. Тартип бузгандар изделүүдө

Борбор калаада белгисиз адамдар роза көчөттөрүн сындырып кетишти. Тартип бузгандар изделүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-августта "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эртең мененки аймакты кыдыруу учурунда Ак Үйдүн жанындагы 2007-жылы отургузулган 4 даана сынган роза бадалдарын табышкан.

Топуракта жакшы бекемделиши үчүн сөңгөгү байланган казыктар үзүлүп кеткендиктен, жашыл аянттар атайылап талкаланганы аныкталды. Мындан тышкары, тартип бузган жарандар 20га жакын сальвияны тебелеп кетишкен.

Учурда аталган ишкананын кызматкерлери, Биринчи Май району боюнча жетекчиси жана жашылдандыруу адистери мыйзам бузуучуларды аныктап, акт түзүүгө аракет кылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан