Этникалык кыргыздарды ЖОЖдорго кабыл алуу мөөнөтү 2-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 2022-2023-окуу жылына карата Кыргызстандын ЖОЖдоруна чет өлкөдө жашаган этностук кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүнгөн.
Сынакка Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркияда жашаган этникалык кыргыздар катыша алат.
Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2022-2023-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек.
Ошондой эле 2-сентябрь саат 23:59га чейин милдетүү болгон талааларды толтуруу зарыл.
Керектүү документтер:
Эскертүү: документтердин толук эмес арыздар автоматтык түрдө четке кагылат!