
Нарын шаарында окуучусу Алтын сертификат алган мугалим автоунаа менен сыйланат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын шаарында жалпы билим берүүчүлөрдүн август конференциясы өтүп жеткиликтүү билим, тарбия берүүдөгү жетишкендиктер жана кемчиликтер, алдыда ишке ашыруу зарыл болгон иш милдеттер талкууланды.
Аталган конференцияга шаар мэри Канболот Тутуев да катышты. Ал мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, билими менен мекенге кызмат кылган уул-кыздарды таптап, коомго кошууга чакырып, бул Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон зор салым болорун айтты.
Ошондой эле ал ЖРТдан Алтын сертификат алган окуучунун мугалимин автоунаа менен сыйлай турганын билдирген.