Өлкөдө "согуш баштайбыз” деп маалымат тараткан адамдарга кылмыш ишин козгоп, жоопко тартыш керек. Муну ЖКнын 5-декабрдагы жыйынында депутат Талантбек Узакбаев айтты. Айтымында, өлкөдө баш аламандык уюштурууга, конституциялык түзүлүштү бузууга аракет кылгандарды тез арада чара көрүлүшү керек. “Кыргызстан бандиттердин өлкөсү эмес, укуктук мамлекет. Эмне үчүн өлкөнү экиге бөлүүгө чакырык жасагандарга кылмыш иши козголбой жатат? Жогорку Кеңештин 3 депутаты ушундай чакырык жасады деп кармап, бат эле соттоду эле го? Элдин алдына чыгып бийлик башчыларына “таластыктардай кылып сабап салса эмне кыласыңар” деген мамлекеттик кызматкерлерге да чара көрүш керек?”,- деди депутат.