
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын 3 кичинекей тургуну изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматында айтылат.
Билдирүүгө таянсак, 4 жаштагы А.Б., 5 жаштагы Ш.А. жана 7 жаштагы Ш.А. аттуу балдар үйдөн ойноп чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.
Кечээ издөө иштерине 4 куткаруучу тартылып, түн кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Бүгүн издөө иштери уланууда.
Кошумча маалымат берилет.