Бишкектеги "Азия Молл" соода борборунун жер төлөсүндөгү Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын астынан табылган РГД-5 гранатасы колдонууга жараксыз болгону аныкталды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Милициядан билдиргендей, 11-августта болжол менен саат 13:55 чамасында "Азия Молл" соода борборунун жер төлөсүндө Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасынын алдынан РМД-5 гранатасына окшош металл буюм табылган жана глушителине зым менен бекитилгени аныкталган.
"Текшерүүгө ылайык, РМД-5 гранатасынын корпусу жана УЗРГМ от алдыруу: күжүрмөн, ок-дары болуп саналат. Конструкцияда тротил жана тетрил жарылуучу заттар бар, заводдук ыкма менен даярдалган. Кайра заряддалууга дуушар болгон эмес, бирок колдонууга жараксыз, сыноолордо "баш тартуу" берилген.
Башкача айтканда, граната күжүрмөн аракетке келтирилиши мүмкүн эмес. Буга байланыштуу бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренеси (өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) боюнча кылмыш иши козголгон", - деп жазылат маалыматта.
Кылмыштын бетин ачууга багытталган зарыл тергөө жана издөө иш-чаралары улантылууда. Анын жыйынтыгы боюнча процесстик чечим кабыл алынат.
Маалымат үчүн:
11-августта "Азия Молл" соода борборунда бомба бар делинип, ичиндеги адамдар эвакуацияланган. Көп өтпөй соода борборуна барган ишкердин унаасынын астынан граната табылганы айтылган. Көп өтпөй милиция "Азия Молл" соода борборундагы эвакуация боюнча маалымат тараткан.