Орусияда кафеде атылган октон жаракат алган Кыргыз жаранынын абалы айтылды

Буга чейин Орусиянын Зеленоградск административдик округунда чырдан улам ок атылып, Кыргыз жараны каза болгону жазылган.

Тышкы иштер министрлиги каза болгон Кыргыз жаранынын сөөгү бардык тиешелүү иштер аткарылган соң мекенине жиберилерин маалымдады.

"Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери октон каза болгон 1989-жылы туулган Кыргыз жараны Х.Х.И.нин атасы жана бул окуяда жаракат алган Кыргыз жараны К.Р.М.нын туугандары менен биргеликте окуя болгон жерге барып, бардык жагдайларды иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.

Ошондой эле Зеленоградск административдик округунун тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен сүйлөшүү жүрдү. Бардык тиешелүү иштер аткарылган соң каза болгон жарандын сөөгү мекенине жиберилет.

Элчиликтин консулу октон жаракат алган жаран К.Р.М.ны ооруканага барып көрүп келген. Дарыгердин айтымында, ага бардык зарыл болгон жардам көрсөтүлгөн, абалы орто оор деп бааланууда.

Бул факты министрликтин жана элчиликтин көзөмөлүндө", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан