Казакстандагы жол кырсыгы: Жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары бар

Казакстанда катталган жол кырсыгында жабыркагандардын арасында 4 Кыргыз жараны бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришет.

Ага ылайык, кырсык бүгүн, 27-август күнү саат 6:40та болгон. Анда автобустун айдоочусу Түлкүбас районунун Шапак Баба айылына кире бериштеги "Батыш Кытай - Батыш Европа" унаа жолунун 601-чакырымында рулга ээ боло албай трассадан чыгып кеткен.

Жабыркагандардын арасында 4 Кыргыз жараны: М.Б.Т. 1997-жылы туулган;

Ж.С. 1985-жылы туулган;

Т.у.Т. 1989-жылы туулган;

А.З.А. 1978-жылы туулган бар.

Алар ар кандай деңгээлдеги жаракаттар менен Түлкүбас райондук ооруканасына жеткирилген. Абалдары орто оор, медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

  • Ал эми Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу Казакстандын мамлекеттик органдары менен биргеликте окуянын бардык чоо-жайын тактоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жатканы маалымдалды.

Белгилей кетсек, Шакпак айылынын унаа жолунун 601-чакырымында автобустун айдоочусу рулга ээ боло албай, кырсыкка кабылганын казак басылмалар жазып чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча, 12 адам жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан