"Ар бир сүрөт 100 доллар". Илон Масктын мурдагы сүйүктүүсү анын сүрөттөрүн аукционго койду

Америкалык миллиардер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Масктын мурдагы сүйлөшкөн кызы Женнифер Гвинн Масктын жаш кездеги сүрөттөрүн аукционго койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматка ылайык, Женнифер Гвинн ар бир сүрөттү 100 долларга баалаган. Сүрөттөр экөө сүйүү мамилесинде болгон учурда, тагыраагы 1994-1995-жылдары тартылган.

Мындан тышкары ал Илон Маск туулган күнүндө белек кылган алтын жасалга менен куттуктоо жазылган кагазды да сатыкка койгон. Муну менен ал уулунун окуусуна акча чогултууну көздөп жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан